Варшавада ЕККУнун конференциясында Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу боюнча маселе көтөрүлдү

Адам укугу боюнча Варшавада Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун жыл сайын өткөрүлүүчү конференциясында Интербилим Гүлгаки Мамасалиеванын Ош филиалынын менеджери сөз сүйлөдү. Анда ал былтыр тажиктер тарабынан мыйзамсыз кармалып, укугу бузулганын айтты. Ага төрт чек арачы мыйзамсыз жерди басканын айтып кармалган.

Ал Баткенди басып алуу максатында Тажикстан быйыл Кыргызстанга эки ирет кол салганын айтып, ЕККУну бул кырдаалды тыкыр изилдөөнү суранды.
Конференциянын темасы: Кыргыз Республикасынын аймагындагы Тажикстандын аскер агрессиясы учурунда адамдын кадыр-баркын кемсинтүү, мыйзамсыз кармалуулар.