Урмамбетов Баткен окуяларында жаракат алган аскер кызматчыларынын ал абалы менен таанышты

2022-жылдын 5-октябрында Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы полковник Дамир Алыбаев Баткен облусундагы чек арада куралдуу кагылышуулардын жүрүшүндө жаракат алган аскер кызматчыларына барышты.
Министрдин орун басары алардын ден-соолугунун абалы жана реабилитациялоо процесси жөнүндө сурап, тез сакайып кетишин каалап кетти.

WhatsApp Image 2022 10 06 at 13.00.14 2 Урмамбетов Баткен окуяларында жаракат алган аскер кызматчыларынын ал абалы менен таанышты


Ошондой эле ички иштер министринин атынан аскер кызматчыларына көрсөткөн эрдиги жана жан аябастыгы үчүн ыраазычылык билдирип, тез сакайып кетишин жана кызмат ордуна тезирээк кайтып келүүсүн каалады.
Мындан сырткары, Октябрь Урмамбетов Ички иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан дары-дармектер жана дарылоо үчүн зарыл болгон бардык нерселер менен камсыз кылууга жардам берилерин белгиледи.

WhatsApp Image 2022 10 06 at 13.00.14 1 Урмамбетов Баткен окуяларында жаракат алган аскер кызматчыларынын ал абалы менен таанышты

ИИМдин Басма сөз кызматы