“Элдин чыдамы кетет”: Кемпир-Абадда боз үйлөрү күч менен алынган тургундар бийликке кайрылды

Кемпир-Абаддагы Кызыл-Октябрь айылындагы тигилген боз үйлөр алынып, бузулгандыгына байланыштуу түнкү саат бирде тургундар чогулуп видеокайрылуу жасашты. Жергиликтүү милициянын башчысы Жеңиш Эсенгелдиев менен элүү чакты адам келип, күч колдонуп боз үйлөрдү чечишкен.

Тургундун айтымында учурда алар башка жакта туруп митингге чыгып жатышат. “Милиция биздин колубузду кайрып, кол көтөргөнгө барды. Биз телефонго тартканга шарт болбой калды”, – дейт тургун.

Эске салсак, буга чейин милиция кызматкерлери Кемпир-абад берилип кеткенине байланыштуу митингге тигилген боз үйлөрдү алышкан.

YouTube video