
Жабык добуш берүү менен шайланган Шакиевдин талапкерлигин 80 депутат колдосо 6 депутат каршы добуш беришкен.
Бүгүн, 5-октябрдагы жыйында Жогорку Кеңештеги «Элдик» депутаттар тобу, «Ишеним», «Ата-Журт-Кыргызстан» жана «Альянс» фракциялары парламенттин төрагалыгына Нурлан Шакиевди көрсөткөн болчу.
Ага чейин Талант Мамытов кызматынан өз каалоосу менен төрагалыктан кетип жатканын билдирген.
Нурлан Шакиев 1977-жылы 13-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач айылында туулган. Эмгек жолун «Обон» гезитинин башкы редакторунун орун басары болуп баштаган Шакиев 2006-2010-жылдары мурунку президент Курманбек Бакиевдин маалымат катчысы андан кийин кеңешчиси болгон.
2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына № 17 Аксы шайлоо округунан катышып, депутат болуп келген.
