Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев парламент төрагалыгына талапкер Нурлан Шакиевге суроо берип жатып, бир жылдан бери иш бөлмөсү даяр болбой жатканына нааразылыгын билдирди.
Ал жыйында Шакиевге «сиз депутаттарга тегиз карайсызбы?» деген суроо узатты.
«Менин жана жардамчы консультантымдын иш орду даяр эмес. Компьютер, принтер жок. Мен кеңсеге барып иштеп жатам. Жакында бир жыл болот. Бул маселени президенттин иш башкармалыгы менен кантип чечесиз?», — деп суроо салды.
Шакиев төрага болуп шайланып калса, эл өкүлүнүн маселесин тез арада чечип берүүгө аракет кыларын билдирди.