Текебаев Транспорт министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

????????????????????????????????????

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Текебаев Тилек Кыдырмаевич Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Тилек Текебаевдин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Буга чейин маалымдалгандай, Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулган.