
Быйыл октябрь айынын ортосунда Казакстандын борбору Астана шаарында үч саммит – Азияда кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча кеңешме, «Борбор Азия — Россия» жана КМШ өлкө башчыларынын саммити өтөт.
Азияда кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча кеңешме 13-октябрда өтөт.
Ал эми 14-октябрда КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусу болуп, ошол эле күнү «Борбор Азия — Россия» саммити өтөрү пландалган.
Аталган иш-чараларга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун да катышары күтүлүүдө. Азырынча президенттин басма сөз кызматы Жапаровдун аталган саммитерге барары тууралуу расмий маалымат тарата элек.