Жай мезгилинде нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен үйү жараксыз абалга келген Түп районунун тургунуна 2 бөлмөлүү мобилдик үй берилди, – деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 29-июлда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Түп районундагы Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Балбай айылында жашаган С.Борсуковдун үйүн суу каптап, табият кубулушунан улам тургундун үйү жашоого жараксыз болуп калган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын буйругунун негизинде Түп райондук өзгөчө кырдаал бөлүмү тарабынан убактылуу жашаганга эки бөлмөлүү мобилдик үй берилди.