“КАНАЛ-НЕМАН” баңгизаттарга каршы эл аралык операциянын алкагында Таласта баңгизат сатуучу кармалды

ИИМ: “КАНАЛ-НЕМАН” баңгизаттарга каршы эл аралык операциянын алкагында Таласта баңгизат сатуучу кармалды

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

ИИМдин БМЖКККнын Талас облусу башкармалыгына А.Ф. аттуу жаран баңгизат каражаттарды, тактап айтканда, марихуананы Талас шаарында таратып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.


Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3 -бөлүгү боюнча (сатуу максатында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) кылмыш иши козголгон.


Кылмыш ишинин, ошондой эле “КАНАЛ-НЕМАН” баңгизаттарга каршы эл аралык операциянын алкагында, Талас шаарында рейд жүргүзүлүп, натыйжада А.Ф. аттуу жарандын жашаган дареги аныкталган.

WhatsApp Image 2022 09 30 at 09.09.37 1 “КАНАЛ-НЕМАН” баңгизаттарга каршы эл аралык операциянын алкагында Таласта баңгизат сатуучу кармалды


А.Ф. үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда. 4 кг 250 гр. марихуана табылып алынган. Бул иш боюнча 1966-жылы туулган А.Ф. аттуу жаран кармалган.
Учурда аталган ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2022 09 30 at 09.09.37 “КАНАЛ-НЕМАН” баңгизаттарга каршы эл аралык операциянын алкагында Таласта баңгизат сатуучу кармалды

ИИМдин Басма сөз кызматы