Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышы өттү

Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышы өттү.

Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров, биринчи айым Айгүл Жапарова, Түркиянын башчысы Реджеп Тайип Эрдоган, эки өлкөнүн өнөр адамдары, спортчулар жана башкалар катышты.

Оюндардын расмий ачылышында түрк лидери сөз сүйлөп, иш-чаранын катышуучуларына ийгилик каалады. Андан соң атайын даярдалган концерттик программа тартууланды.

Эскерте кетсек, 29-сентябрда көк пар, ат үстүндө жаа атуу, жаа атуу мелдештери өттү.

Аны менен катар оюндар өтүүчү аймакта түрк дүйнөсүнүн кол өнөрчүлүгү, тамак- аштардын жарманкеси жана элдик сейилдөөлөр жана чакан концерттик программалр менен коштолду.