Нарын ОИИБдин ардагерлери Баткенге 100 миң сом акчалай жардам кылышты

Бул тууралуу Нарын ОИИБинен маалымдашты.

“Көп түкүрсө көл” болот демекчи жакында эле Баткендеги каргашалуу окуяда жамы журт жапа тырмак чогулуп колдон келишинче жардам берип жатат.

Колдо болгон оокатынан, тамак-ашына чейин ташыган элдин биримдиги жүрөк жылытат. Мындай кайрымдуулук ишинен Ички иштер органдарынын кызматкерлери ал тургай ардагерлери да четте калган жок.

WhatsApp Image 2022 09 28 at 08.35.32 Нарын ОИИБдин ардагерлери Баткенге 100 миң сом акчалай жардам кылышты

Баткен элине жардам кылуу максатына Нарын облустук ички иштер органдарынын ардагерлери биргеликте 100 миң сом акча каражатын чогултуп, тиешелүү эсепке котрушту. Баткен элинин башына түшүп турган оор күндөрдө колдон келген жардамдарын берүү максатында өз салымдарын кошуп жаткан ардагерлерге ыраазычылык билдиребиз!

WhatsApp Image 2022 09 28 at 08.35.37 Нарын ОИИБдин ардагерлери Баткенге 100 миң сом акчалай жардам кылышты

Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы