Динара Ошурахунова: Ташиев депутаттарга “эркексинби, согушка бар” деп провокация кылган

Твиттердеги баракчасына укук коргоочу Динара Ошурахунова УКМКнын жетекчиси парламентте жабык эшик артында депутаттардын уюлдук телефондорун чогултуп алып, автоматтарды ящик менен залга алып барып, “эркек болсон, бар согушка” деген сыяктуу ураан, чакырык кылган.

Андан кийин депутаттар бири-бири менен жакалашып, мушташа да кеткендигин жазды укук коргоочу. Жыйын жабык эшик артында болгон.

Буга чейин депутат Адахан Мадумаров да коопсуздук кызматынын жетекчиси эки жашик автомат көтөрүп парламенттин ичине кирип келгени — жапайычылык деп билдирген.

Эске салсак, быйыл 14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 62 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды.  

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди, “Озоди” радиосу 74 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты көз каранды эмес башка булактардан тактоо мүмкүн эмес болууда.