50 миң АКШ доллар: Ишкерден акча каражатын опуза талап кылган жарандар кармалды

Ишкердик субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо милициянын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.
Ички иштер министрлиги, ишкерлерге кылмыштуу жана башка мыйзамсыз кол салууларды алдын алууга, бөгөт коюга жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү өздөрүнүн ишмердүүлүгүнүн корголгондугун сезиши үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган бардык зарыл чараларды көрүүдө.
2022-жылдын сентябрь айында ИИМдин КИББдин Бишкек шаары боюнча 3-башкармалыгынын УКККБнын (Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы) кызматкерлери ишкердик кылган жаранды кылмыштуу топтун мүчөлөрү унаа менен сүзүп кеткендиги тууралуу маалымат алышкан.
Өздөрүн кылмыштуу топтордун биринин өкүлдөрүбүз деп тааныштырган белгисиз адамдар, Аламүдүн районунун тургунуна психологиялык кысым көрсөтүү жолу менен коркутуп, 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылып жүрүшкөнү аныкталган.


Мындан тышкары, кол салгандар үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө жана ден-соолугуна, ошондой эле ишкердин бизнестеги ишмердүүлүгүнө зыян келтире тургандарын айтып, аны коркутуп келишкен.
Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

YouTube video


Жогорудагы кылмышка шектүү адамдарды аныктоо жана кармоо максатында комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп баштаган.
Кечээ, Бишкек шаары боюнча ИИМдин КИББдин 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Бишкек ШИИББдин атайын операциялар отрядынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында ишкерден опузалап акча талап кылып жаткандарды 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармашкан.

WhatsApp Image 2022 09 28 at 07.43.37 50 миң АКШ доллар: Ишкерден акча каражатын опуза талап кылган жарандар кармалды


Алар, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургундары 1973-жылы туулган М.Б. жана 1981-жылы туулган К.А. экендиги аныкталган. Кармалгандардын бирөөсү мурда сот жообуна тартылган.
Азыркы учурда бул факты боюнча иликтөөнү Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматы жүргүзүп жатат. Кармалган жарандардын ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгы текшерилип жатат.

WhatsApp Image 2022 09 28 at 07.43.38 2 50 миң АКШ доллар: Ишкерден акча каражатын опуза талап кылган жарандар кармалды
WhatsApp Image 2022 09 28 at 07.43.38 50 миң АКШ доллар: Ишкерден акча каражатын опуза талап кылган жарандар кармалды

ИИМдин Басма сөз кызматы