№39 жана №42 протоколдорго Кыргызстан тарапты мажбурлап кол койдурган, – Айжигитов

Тажикстан чек арадагы куралдуу кагылыштан кийин №39 жана №42 протоколдорго Кыргызстан тарапты мажбурлап кол койдурган. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов билдирди.

Ал №39 жана №42 протоколдор тууралуу сөз кылып, Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимовдун №42 протоколго кол коюлгандан кийин айткан сөзүнө көңүл бурду.

«Ал «№42 протоколдун талаптары аткарылып жаткан учурда, тынчтык сакталып турат» деп айтып жатат. Ушул эле сөзду 2021-жылы согуштан кийин №39 протоколго кол коюлганда айткан. Эми аны сөзмө-сөз кайталады. Согуштук агрессияга ачыктан-ачык коркутуу болууда. №39 жана №42 протоколдор мыйзамдуу эмес. Себеби аларга мажбурланып кол койдурулган. Толук кандуу согуш менен коркутуу жолу менен кол койдурулган», — деди Айжигитов.