Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда чек арадагы куралдуу чыр-чатактын кесепетинен бардык өрттөнгөн коомдук жайлар, ишканалар, имараттар, айрыкча жергиликтүү тургундардын талкаланган үйлөрү, уурдалган мүлктөр эсептелип такталууда. Келтирилген бардык чыгымдарды эсептөө жана иликтөө иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында учурда аталган райондордо 31 ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.
Баткен облусундагы жабыркаган, талкаланган, уурдалган, зыян тарткан бардык фактыларды адилет, так, ыкчам жана мыйзам чегинде тергөө, аныктоо иштерин жүргүзүүнү ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов көзөмөлдөп жатат.
Ыкчам-тергөө топтору ИИМдин, Башкы прокуратуранын, аскер прокуратурасынын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, өзгөчө кырдаалдар жана коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнөн түзүлүп, жеринде иштеп жатышат. Андан сырткары, чек ара тилкелеринде милициянын атайын күндүзкү жана түнкү кайгуул топтору күнү-түнү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатат.
Жергиликтүү тургундардын коопсуздугун Баткен ОИИБдин өздүк курамы ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчылары, башка облустардан кошумча тартылган ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте камсыздашууда. Баткен облусунун Лейлек, Баткен районундагы айылдардагы аскер кызматчылары менен милиция кызматкерлеринин ишин жөнгө салып, тиешелүү тапшырмаларды министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов берип, Баткен облусундагы абалды толук көзөмөлдөөдө.
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы