Бул тууралуу Вulak.kg редакциясына Ширин Жумадилова билдирди.
“Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги кырдаалга байланыштуу Ысык-Көл облусунун бардык аймактарында гуманитардык жардам чогултуучу пункттар ачылды”, – дейт ал.
Жолдун алыстыгына байланыштуу тез арада бузулбай турган азык-түлүктөрдү чогултууну суранабыз.
Гуманитардык жардам иретинде жөнөтүү үчүн сунушталган азык-түлүктөр: кесме, күрүч, чай, гречка, кумшекер, өсүмдүк майы, туз, жеке гигиена буюмдары, балдар үчүн буюмдар (памперстер).
Гуманитардык жардам чогултуучу пункттардын даректери:
-Каракол шаары: Ч.Айтамтов атындагы борбордук аянт, тел: 0755 152211, 03922 5-22-11;
-Балыкчы шаары: Социалдык фонддун имараты, тел: 0706 464664, 0705 862611;
-Ак-Суу району: Теплоключенка айылындагы “Тазалык” муниципалдык ишканасынын имараты, 0708 187730, 0700 310688;
-Түп району: Түп айылы, Балбай спорт комплекси, тел: 0703622644;
Тоң району: Тоң району: Кажы-Сай айылы, Жунушалиев көч.,1, тел: 0700 120714, 0709 697265;
Ысык-Көл району: Чолпон-Ата шаары, Совет кѳчѳсү, №75, тел: 0500 050590;
Жети-Өгүз району: Кызыл-Суу айылы, Манас көчөсү, 194, айыл өкмөттүн имараты, тел: 0700793889.
Ошондой эле ар бир айыл өкмөттө гуманитардык жардам кабыл алуучу пункттар ачылды.