Чек арадагы чатакта жабыркагандардын саны 18ге жетти

Саламаттык сактоо министрлиги Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуядан жабыркагандар тууралуу маалымат таратты.

Билдирүүгө ылайык, 16-сентябрь саат 11:00гө карата Баткен облустук бириккен ооруканасында 18 жабырлануучу бар. Алардын абалы тууралуу маалымат кийин берилет.

Баткен облусундагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү.

Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар.