«Фейсбук» социалдык тармагында тыюу салынган диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын материалдарын таратуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКны басма сөз кызматынан билдиришити.
![305474928 388602853440264 1849078970971380802 n 1024x766 1 «Фейсбукта» диний-экстремисттик материалдарын тараткандар кармалды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2022/09/305474928_388602853440264_1849078970971380802_n-1024x766-1.jpg)
Маалыматка ылайык, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, «Фейсбук» социалдык тармагында тыюу салынган диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын материалдарын таратуу фактысы аныкталды. Теологиялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жарыяланган материалдарда “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмдун символикалары, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча ислам халифатын курууга багытталган чакырыктар бар экендиги такталган.
2022-жылдын 7-сентябрында “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун Ноокат районундагы 6 активдүү мүчөсүнүн, Ош облусунун Кара-Суу районундагы 1 активдүү мүчөсүнүн жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы 1 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде соттун чечиминин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
![305250835 1467226027114472 2232338651887125808 n 1024x766 1 «Фейсбукта» диний-экстремисттик материалдарын тараткандар кармалды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2022/09/305250835_1467226027114472_2232338651887125808_n-1024x766-1.jpg)
Тинтүү иштеринин жүрүшүндө электрондук алып жүрүүчүлөр (флешкарталар, СD-дисктер), диний мүнөздөгү адабияттар алынды, алар боюнча жогорудагы кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалды.