Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Бир ай мурда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөн жаран жөнүндө ыкчам маалымат алышкан. Маалым болгондой, Чүй облусунун Сокулук районунда 30-35 жаштардагы азият улутундагы жаран белгисиз үлгүдөгү куралды алып жүргөн. Аталган факты ички иштер органдарында катталган. Ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо фактысын аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголгон.
2022-жылдын июль айынын ортосунда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери атайын операциялар отрядынын жана Сокулук РИИБдин тергөө кызматынын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшүп, шектүү жаран кармалган. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда андан белгисиз үлгүдөгү тапанча табылган.
Кармалган жаран Чүй облусунун 1996-жылы туулган жашоочусу С.Р. болот. Куралдын атууга жарамдуулугун аныктоо боюнча экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык курал атууга жарактуу экени аныкталган.
Ички иштер министрлиги курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүрткөн жарандарга кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесине ылайык ок атуучу куралдарды, ошондой эле ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алып жүрүү, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү үчүн жарандар 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Куралды жана ок-дарыларды өз ыктыяры менен тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.
Курал-жаракты жана ок-дарыларды ыктыярдуу тапшыруу деп адамды кармоо учурунда, ошондой эле аларды табуу жана алуу боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүүдө аларды алып коюу эсептелбейт.