
Аламүдүндө балык уулоого кетип дайынсыз болгон адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн районундагы Ала-Арча суу сактагычына 1971-жылы туулган И.У.К. аттуу эркек киши балык уулоого чыгып, кайра кайтып келген эмес. Анын кийимдери суунун жээгинен табылган.
Издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМден 8 куткаруучу, ИИМден кызматкерлер тартылган. Жыйынтык болгон жок, бүгүн, 26-августта издөө улантылат.