
Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан ардактуу конокту Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Эске салсак, 2022-жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.