Канатбек Азиз Президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Канатбек Азиз Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды.