Улан Ниязбеков Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министри менен жолугушту

Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.

Ташкенттеги ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин Кеңешмесинин алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министри генерал-лейтенант Пулат Бобожонов менен жолугушту.

WhatsApp Image 2022 08 19 at 16.37.57 1 Улан Ниязбеков Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министри менен жолугушту


Жолугушуунун жүрүшүндө заманбап дүйнөнүн криминалдык чакырыктарын, атап айтканда маалыматтык чөйрөдөгү кылмыштуулукту, терроризмди жана экстремизмди, мыйзамсыз миграцияны, баңгизаттарды, курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүнү жана адамдарды сатууну эске алуу менен өз ара аракеттенүүнү андан ары кеңейтүү зарылдыгы белгиленди.
Мындан тышкары кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча эки тараптуу ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, ошондой эле региондук коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо маселелери талкууланды.


Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тармактык ведомстволордун ортосунда узак мөөнөттүү келечекте өз ара аракеттенүү чараларын караган кызматташтык жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.