
Ала-Арча капчыгайынын жогору жагында «Учитель» чокусунан түшүп келе жатып кулап каза болгон россиялык туристтин сөөгү тоодон түшүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 14-августта «Учитель» чокусунан Россия Федерациясынын 2 жараны түшүп келе жатып, 1986-жылы туулган Е.А. аттуу эркек киши кулап, каза болгон.
Жерине ӨКМдин Эдельвейс куткаруучулар тобунан 6 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган жарандын сөөгүн тоодон алып түшүшүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Ал эми экинчиси 1991-жылы туулган Н.К. жабыр тарткан эмес.


