
Бишкекте N14-троллейбустун каттамы убактылуу өзгөргөнүн мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, Киркомстром аймагындагы акыркы аялдаманы оңдоого байланыштуу троллейбус каттамын убактылуу өзгөрттү.
Ал 15-августтан 20-августка чейин Бейшеналиева, Москва, Фучик көчөлөрү менен өтөт.