Атай Бейшенбек: Ырыс Жекшеналиевдин камалышы – бийликтин аша чапкандыгы

14-август күнү кечинде Facebook социалдык тармагындагы «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыскелди Жекшеналиев ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгына суракка чакырылып, андан соң 48 саатка камакка алынган. Ал өз тайпасынын баракчасына УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо темасындагы архивдик видеосун жүктөгөнү – “массалык башаламандыкка чакыруу” беренеси менен бааланып, кылмыштын курамы бар болгону үчүн камалганы белгиленди.   

Бул тууралуу BULAK.KG сайтына жарандык активист Атай Бейшенбек өз оюн билдирди.

 «Эң таң калыштуусу таратылган видео эки жыл мурунку болуп жатат. Ошондой эле Ырыскелди эч кандай чакырыгы жок эле кыскача түшүндүрмөсү менен жүктөбөдүбү. Коомдук башалмандыкка чакыруу беренеси менен иштин козголуп жатышы бийликтин аша чапкандыгы десек болот. Эгер түздөн-түз башалмандыкка чакырыктар болсо коомчулук өзү эле талдап алмак.

Буга чейин көптөгөн фейк аккаунттар аркылуу чагымчыл посттор жазылып, бийликке кайчы пикир айткан оппозициячыл тараптар тууралуу жалган маалыматтар жазылып, жеке жашоосуна чейин кийлигишкен видеолор да тарап жатты. Бирок, тилекке каршы мунун бардыгына эч кандай реакция болгон эмес.

Мындай кадам бийликке сын пикир айтып келе жаткан коомдун башка өкүлдөрүнө эскертүү болуп, “бөтөнчө көз караштагы материалдар чагылдырылып, талкууланса силерди да ушундай тагдыр күтөт” деген белги болсо керек.

Менимче Ырыскелди Жекшеналиевди 48 саатка камаганы, аны коркутуп-үркүтүп коюу максаты эле. Эгер андан ары камап сала турган болсо логикага жана мыйзамга да туура келбей калат. Анткени ошол видеодо сүйлөп жаткан Абдил Сегизбаев сурак берип чыгып жатса, аны чагылдырып, жүктөп койгон адам камалууда. Бул көрүнүш жөнөкөй эле логикага жатпаган жагдай.

Садыр Жапаровдун Жетим-Тоо тууралуу Facebook баракчасына жазган постунан кийин камоо иштеринин жүргүзүлүп жатышы – укук коргоо органдары өлкө башчысынын жазгандарын чакырык катары кабыл алып жаткандагысыбы деп ойлойм”.