Японияга 400 тонна бал экспорттоо боюнча келишимге кол коюлду

10-августта Токиодо Кыргызстандан Японияга 400 тонна бал экспорттоо боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Келишимде көрсөтүлгөндөй, Sojitz соода компаниясынын катышуусу менен Japan Style жана Yamada Bee Company Group тарабынан кол коюлган.

Компаниялардын келишимдерине ылайык, балдын көрсөтүлгөн көлөмү Японияга бир нече этап менен жеткирилет. Жакын арада 20 тонналык биринчи контейнер жөнөтүлөт.

whatsapp image 2022 08 Японияга 400 тонна бал экспорттоо боюнча келишимге кол коюлду
whatsapp image 2022 08 11 at 11 32 07 1 Японияга 400 тонна бал экспорттоо боюнча келишимге кол коюлду