
«Ак илбирс» кино сыйлыгына арыздарды кабыл алуу башталды. Бул жылы кино сыйлык X ирет тапшырылат.
Сыйлыкка 2020-2021-жылы тартылган бардык тасмалар ат салыша алат. Арыздар 30-августка чейин кабыл алынат.
Кино сыйлык 18 номинация боюнча берилет:
- «Мыкты тасма»;
- «Мыкты режиссёр»;
- «Мыкты сценарий»;
- «Мыкты оператор»;
- «Мыкты сүрөтчү»;
- «Мыкты композитор»;
- «Мыкты үн режиссёру»;
- «Мыкты монтаж»;
- «Эркектин мыкты ролу»;
- «Аялдын мыкты ролу»;
- «Мыкты даректүү тасма»;
- «Мыкты кыска метраждуу тасма»;
- «Көрүүчүлөр жактырган тасма»;
- «Улуттук кинематографияга кошкон салымы үчүн»;
- «Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн»;
- «Борбор Азиянын мыкты тасмасы»;
- «Борбор Азиянын мыкты актёру»;
- «Борбор Азиянын мыкты актрисасы».
Арыздын формасын бул шилтеме аркылуу көчүрүп алууга болот:
Арыздары [email protected] дарегине жөнөтүү зарыл
Координатор – Саадат Казакбаева, +996(706) 190 201