Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, Боом капчыгайында орун алган селге байланыштуу Бишкек-2 – Балыкчы каттамын 10-августка чейин убактылуу токтотуу чечими кабыл алынган. Учурда жолду тазалоо жана калыбына келтирүү иштери уланууда.
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Каттам кайрадан ишке киргизилүүсү боюнча кошумча маалымат берилет.
Буга чейин Ысык-Көл облусунда 20 гектар буудай, беде аянттарын сел суулары каптаганын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирген.