Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-июлда Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Өл-Агыш айылында каналга түшүп кеткен унааны чыгарууга кайрылуу түшкөн. Анда К.М.К.га таандык Матиз үлгүсүндөгү унаа Жолбоону каналына түшүп кеткени айтылган.
Жерине тартылган 4 куткаруучунун көмөгү менен унаа каналдан чыгарылып, жабыркаган жаран «103» кызматына өткөрүп берилди.