Улан Ниязбеков Ала-Бука районунун жашоочулары менен жолугушту

Бул тууралуу ИИМ маалымат таратты.

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жана жарандардын турмуш-тиричилигине байланышкан маселелеринен кабар алуу жана аны чечүү тапшырмасын аткаруу үчүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Ала-Бука районунун эли менен жолугушууда.

Жолугушууга Жалал-Абад облусунун жана Ала-Бука районунун тиешелүү жетекчилери, жергиликтүү тургундардан 400дөй адам катышууда. Аталган жолугушууга Ала-Бука районунун акиминин милдетин аткаруучу Мирбек Тотонов да катышууда.

WhatsApp Image 2022 07 08 at 14.35.36 Улан Ниязбеков Ала-Бука районунун жашоочулары менен жолугушту


Жолгушууда негизинен социалдык маселелер көтөрүлдү, жергиликтүү тургундар жерлерди трансформация, мектептерди куруу, тендерге катышкан компаниялар иштерин толук аяктабай жатышкандыгы, жер семирткичтеди өзүбүздөн чыгарсак, айыл-чарба иштерин жогорку деңгээлде уюштурсак жакшы болот эле суроолор болду. Ошондой эле Россияда кылмыш жасап качып келгендерге да ИИМ өзгөчө көңүл буруп берсе деген суроолор болду.

WhatsApp Image 2022 07 08 at 14.35.37 Улан Ниязбеков Ала-Бука районунун жашоочулары менен жолугушту

Өз кезегинде Улан Ниязбеков Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги дүйнөдөгү бир катар мамлекеттер менен өз ара кызматташуу боюнча келишимдердин негизинде иш жүргүзуп жатканын маалымдады. Айрыкча, Россия Федерациясы менен да тыгыз иштеп, баары көзөмөлдө экенин айтты. Эгерде кимде-ким толук маалымат алгысы келсе, же суроолору бар болсо чогулуштан кийин жеке кабыл алып бардык маселелерди чечүүгө жардам бере тургандыгын белгиледи.


Негизинен алганда Ала-Бука районундагы жолугушуу элдин көйгөйүн жеринен угуп, жарандардын коопсуздугун, алардын жашоо турмушуна тиешелүү болгон бардык маселелерди жакындан угуп билип жана аны чечүүгө багытталгандыгын белгилейбиз.

WhatsApp Image 2022 07 08 at 14.35.37 1 Улан Ниязбеков Ала-Бука районунун жашоочулары менен жолугушту
WhatsApp Image 2022 07 08 at 14.35.36 1 Улан Ниязбеков Ала-Бука районунун жашоочулары менен жолугушту