ИИМдин медициналык кызматы кызматкерлердин ден соолугунун камында


(Майрам утурлай репортаж)


Ички иштер органдарынын кызматкерлерин медициналык жактан камсыз кылууну уюштуруу тарыхы тээ алыскы 30-жылдарда баштаган, анда Фрунзе шаарында Краснооктябрь жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жумушчу-дыйкандар милициясынын кызматкерлер үчүн биринчи амбулатория ачылган. 1940-жылы Москва жана Краснооктябрь көчөлөрүнүн кесилишинде биринчи бейтапкана курулган. Бул эки кабат имаратта дарылоо жана дартты аныктоо кабинеттери (терапевттик, хирургиялык, гинекологиялык, физиотерапевтти рентгендик, клиникалык лаборатория, дарыкана) жайгашкан.

WhatsApp Image 2022 07 01 at 07.13.36 ИИМдин медициналык кызматы кызматкерлердин ден соолугунун камында


Бейтапканада жатып дарылануу шарты болбогондуктан, бул абал дарыгерлердин ишине чоң тоскоолдуктарды пайда кылган, стационардык дарыланууга муктаж болгон оорулуулар шаардын башка дарылоо мекемелерине жөнөтүлгөн. Ушуга байланыштуу 1957-жылы министрликтин жетекчиси тарабынан бейтапкананын негизги имаратына улап стационардык бөлум куруу боюнча чечим чыгарылган жана 1959-жылы стационардык 30 орундуу, операциялык блогу, суу жана баткак менен дарылоосу бар жаңы дарылоо комплекси ачылган.


Мезгилдин талабын эске алуу менен жана кызматкерлерге медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында 1970-жылы бейтапкананын жаңы уч кабаттуу имараты курулган. Жаңы имаратта диагностикалык базаны: рентгендик жана флюрографиялык кабинеттер, клиникалык-биохимиялык лаборатория, электрокардиографикалык кабинет жана дарылоо бөлүмдөрү: терапевттик, стомотологиялык, физиотерапевтти ыңгайлуу жайгаштырганга мүмкүн болгон, ошондой эле 12 тармак боюнча атайын жардам корсөтүү камсыз кылынган. Госпиталга жаткыруу орун фонду 150 орундуу терапевттик жана адистештирилген эки бөлүм ачууга шарт түзгөн. Азыркы убакка чейин иштеп келе жаткан госпиталь менен бейтапкана ушинтип уюшулган.

WhatsApp Image 2022 07 01 at 07.13.35 1 ИИМдин медициналык кызматы кызматкерлердин ден соолугунун камында


1972-73-жылдары өз алдынча штаттык структуралар катары аскердик-дарыгердик комиссия (АДК) жана санитардык-эпидемиологиялык станциясы (СЭС) бөлүнгөн. 50-60-жылдары республиканын облустарында медициналык мекемелер болбогондуктан, милициянын кызматкерлерине кам көрүү милдетин республикалык бейтапкана өзүнө алган.
Жыл сайын дарыгерлер тобу жана орто медициналык кызматкерлер облустарга барып, ошол жерден профилактикалык медициналык кароолорду жүргүзүшөт, дарыланууга жана диспансерлик байкоого муктаж болгондорду табышкан. Убакыттын өтүүсү менен бул нерсе жетишсиз болуп, облустардын борборлорунда медициналык кызматтарды уюштуруу маселеси пайда болгон. 1970-жылы Ош шаарында 25 орундуу бейтапканасы жана стационары бар биринчи кызмат түзүлгөн. Андан кийин медкызмат Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарында уюшулган. Кийинчирээк ИИМдин Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы башкармалыктар түзүлгөндө, ал жактарда дагы медициналык кызматтар пайда болгон.

WhatsApp Image 2022 07 01 at 07.13.35 ИИМдин медициналык кызматы кызматкерлердин ден соолугунун камында


Мурда медкызматтын, кийин Медбөлумдүн жетекчиси болуп В. Аничков, И.Нестеренко, С.Струков, В.Ватаженко, В.Егиазарова, Е.Кондратенко, Т.Кыштобаев,Т. Чодобаев, А.Абдымусаев, Л.Алимбаева, Ж. Жакыпов жана Н.Метеровдор иштеген.
2007-жылы ИИМнын структуралык реорганизациясына байланыштуу, Медициналык бөлүм ИИМдин Медициналык башкармалыгы болуп аты өзгөртүлгөн. Учурда Медициналык башкармалыкты ички кызматтын майору Индира Абдыгулова жетектеп келүүдө.
Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын ИИМдин саламаттыкты сактоо мекемеси ички иштер органдарынын кызматкерлерине жана ардагерлерине, алардын үй бүлөлөрүнө медициналык тейлөөнү камсыз кылат, ошондой эле ИИМдин ички иштер органдарында жана ички аскерде аскердик-медициналык экспертиза жана медициналык күбөлүндүрүү жүргүзөт, ИИМдин объектилерине санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кылат.
ИИМдин Медициналык башкармалыгы – саламаттыкты сактоо мекемесинин негизги өнүгүү багыттарын аныктайт, мекеменин ишмердүүлүгүн жетектейт. Анын карамагына Бишкек шаарындагы ИИМдин госпиталы жана бейтапканасы, облустардагы медкызматтары, аскердик-дарыгердик комиссиясы, стамотологиялык кызматы, ИИМдин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жана Психологиялык кызматы карайт.

YouTube video


Медбашкармалык ИИМдин Академиясынын медкызматынын ишмердүүлүгүн методикалык жактан жетектөөнү уюштуруп келет.
«Урматтуу биздин дарыгерлерибиз! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен Ички иштер министрлигинин жетекчилик курамы, жалпы ардагерлер жана бүткүл өздүк курамдын атынан чын дилибизден куттуктайбыз! Баарыңыздарга бекем ден соолук, амандык, жакшылык жана түйшүктүү ишиңерде ийгиликтерди каалайбыз. Биз дарыгерге ишенип, эң жакын адамыбызга гана айта турган жүрөк түпкүрүндөгү көйгөйүбүздү айтып, ден соолугубуздун биз билген сырын ачып беребиз. Анан дарыгерлердин кеңештерин кунт коюп угабыз, дарыланабыз, ден соолукту чыңдайбыз. Анткени биздин саламаттыгыбыз ушуга байланыштуу болоорун билебиз. Өмүрүңөргө болгон ар кандай коркунучка карабай, милиция кызматкерлеринин амандыгы жана ден соолугу үчүн күнү-түнү тыным тынбай иштеп, эл алкышына татып келесиздер! Берген антыңарга бекем туруп, милдетиңерди бийик жоопкерчилик менен аткарган ак халатчан дарыгерлерибизге терең таазым кылабыз жана бүгүн эртен кирип келе жаткан майрамдарыныздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз.


ИИМдин Басма сөз кызматы

WhatsApp Image 2022 07 01 at 07.13.34 ИИМдин медициналык кызматы кызматкерлердин ден соолугунун камында