Адам өлтүрүүгө аракет кылган шектүү кармалды

Бишкекте адам өлтүрүүгө аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

291328425 591147982671312 5840567993434050545 n 591x452 1 Адам өлтүрүүгө аракет кылган шектүү кармалды
Кайгуул кызматы,

Маалыматка ылайык, 30-июнда болжол менен саат 01:07 чамасында “102” кызматына Жибек-Жолу жана Буденный көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафелердин биринде жарандар урушуп, бычак менен сайып салды деген маалымат келип түшкөн.

«Айтылган дарекке келген кайгуул кызматкерлери кафеде эс алып отурган жарандар өз ара урушуп, бири экинчисине бир нече ирет бычак шилтегенин такташкан. Алган жараттан улам 29 жаштагы Д.Д., аттуу жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген. Кылмышка шектүү делип 34 жаштагы А.Р. аттуу жаран кармалды»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты Свердлов райондук милициясы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.