
Ысык-Көлдө 14 жана 19 жаштагы балдар сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районунун аймагындагы Липенка айылынын тушунда көлгө 2 бала чөгүп кетти деген маалымат түшкөн. Кырсык катталган көл жээгине суучул куткаручуулар тартылга.
«Куткаруучулар көлгө чөгүп кеткен эки баланын денесин болжол менен 18:20 чамаларында таап, ИИМ кызматкерлерине жана туугандарына өткөрүп беришти. Каза болгон 14 жаштагы Т. А. жана 19 жаштагы Н. И. экөө тең Жети-Өгуз районунун Ырдык айылынын тургундары болгон»,-деп жазылат маалыматта.