
Ала-Арча суу сактагычына 26-июнда 18 жаштагы М. у Б., аттуу жигит түшүп кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жерине үч куткаруучу тартылып, суу жээктерин карашкан, бирок натыйжа болгон жок.
Куткаруучулар издөө иштерин бүгүн улантышат.