
Ысык-Көл районундагы жол кырсыктан айдоочу жабыркады, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, Балыкчы —Ананьево —Каракол унаа жолунун 14-чакырымында (Чырпыкты айылы) “ВАЗ 2107” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып бакты сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен К.Б. аттуу эркек киши жабыркаган. Жерине 3 куткаруучу тартылган. Бирок куткаруучулар жеткенге чейин тез жардам кызматкерлери Балыкчы шаардык ооруканага алып кетишкен.