Талас шаарынын тургуну диний-экстремисттик көз караштан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, УКМК диний-экстремистик жана эл аралык террордук уюмдардын ишмердүүлүгүн алдын алууга жана токтотууга багытталган иш-аракеттердин алкагында, Кыргызстандын аймагында тыюу салынган ДЭУнун мүчөлөрүн жана тарапкерлерин ынандыруу боюнча түшүндүрүү-профилактикалык иш-чаралары жүргүзүлдү.
Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында Талас шаарынын тургуну С.Ч.Т., тандап алган диний багытынын туура эмес экенин түшүнүү менен, зыяндуу экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.
Белгилей кетсек, С.Ч.Т., 2012-жылы белгисиз эмиссарлар тарабынан “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун катарына алынып, үгүттөө жана тыюу салынган адабияттарды таратуу менен алектенген.
УКМК мыйзамсыз экстремисттик жана террористтик аракеттердин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.