Генерал-майору Ж.Шабировдун жаркын элесине арналган чемпионат өттү

ИИМдин Республикалык окуу борборунда Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрү арасында аскердик кармашып урушуунун күжүрмөн бөлүмүндөгү өзүн-өзү коргоо боюнча чемпионаты өткөрүлгөн.

Бул спорттук иш-чара милициянын генерал-майору Ж.Шабировдун жаркын элесине арналган. Чемпионатка ИИМдин Ички аскерлеринин, Академиянын, Республикалык окуу борбордун жана Аскер институтунун командалары катышкан. Чемпионатта ИИМдин Ички аскерлеринин 714 аскер бөлүгүнүн командасы ар кандай салмак категориясы боюнча жогорку жетишкендиктерге жетишип, алдыңкы орундарды ээлешти.


70 кг салмак категориясы боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун Жамалбек у Э.;
2-орун Темиралиев А.
80 кг салмак категориясы боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун Пиримкул уулу А.;
2-орун Байшериев Р. менен Джумадылов И.;
3-орун Рустамов Э..
90 кг салмак категориясы боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун Жылдызбек у Д. менен Өмүралиев А.;
2-орун Рахим у А. менен Ибрагимов И.;
3-орун Касымов Н.
Жыйынтыгында чемпионаттын катышуучуларына ардак грамоталар, дипломдор тапшырылды.

WhatsApp Image 2022 06 11 at 10.15.36 Генерал-майору Ж.Шабировдун жаркын элесине арналган чемпионат өттү
WhatsApp Image 2022 06 11 at 10.15.36 1 Генерал-майору Ж.Шабировдун жаркын элесине арналган чемпионат өттү
WhatsApp Image 2022 06 11 at 10.15.35 Генерал-майору Ж.Шабировдун жаркын элесине арналган чемпионат өттү

ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы