
Бишкек шаарындагы аквапарктардын биринде мектеп окуучусу каза болду. Бул тууралуу маалыматты борбордун мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Данияр Абдуазизов Вulak.kg редакциясына тастыктады.
«Себептери азырынча белгисиз. Биз комиссия чогултуп жатабыз, бүгүн текшерүү үчүн мектепке барабыз. Буга чейин балдар ата-энелери менен болуп, майрам уюштурушкан. Окуу процессинде болгонбу, ошону билебиз.
Окуя болгон жерде куткаруучулар болгон-болбогону азырынча белгисиз», — деди ал.
2016-жылы “Ала-Тоо” аквапаркында ушуга окшогон окуялар болгон6 бирок оор жоготуу болгон эмес.
Ошондой эле “Алладиндин лампасы” деген аттракциондо кыз башына оор жаракат алган.






