
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы
күрөшүү кызматынын кызматкерлери 2022-жылдын май айында эркиндигинен
ажыратуу жайларына кара куурай тобунун баңги каражаттарынын ири
партиясын жеткирүү менен алектенген баңги топтору тууралуу маалымат
алышкан.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2022-жылдын 26-майында атайын тергөө
амалдарын жүргүзүүдө Бишкек шаарында 1984-жылы туулган, мурда бир нече
жолу соттолгон Д.К. аттуу жаран кармалды.
Жеке тинтүүү жүргүзүүдө анын сырткы белгилери боюнча жаңы психоактивдүү
затка окшош, жалпы салмагы 8 гр болгон ак порошок заты бар эки желим
баштык табылган.
Соттук-химиялык экспертизанын маалыматы боюнча алынган зат психотроптук
зат болуп аныкталган.
Ал эми, кармалган жаран Чүй облусунун Аламүдүн РИИБнин тергөө кызматына
өткөрүлүп берилди.

ИИМдин Басма сөз кызматы