
Баткен ОИИБдин начальниги Мурат Бороновдун демилгеси менен 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин балдарын куттукташып, аларга майрамдык маанай тартуулашты.

1-июнь күнү Баткен ОИИБдин жетекчилиги 2010-жылдын 27-октябрында кылмышкердин огунан 31 жашында каза болгон милициянын старшинасы Ысманов Кылычбек Илязовичтин Кызыл-Кыя шаарында жашаган жаш өспүрүм балдарынан, ошол эле кылмышкердин огунан 27 жашында каза болгон милициянын сержанты Бердалиев Гуламжан Абдумуталиповичтин Кадамжай районундагы Марказ айылында жашаган ата-энесинин карамагында турган 12 жашар уулунан, ошондой эле 2022-жылдын 27-мартында кылмышкердин колунан каза болгон милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиевдин Баткен шаарындагы үй-бүлөсүнөн кабар алып, алардын балдарын майрамдары менен куттуктады.

Баткен ОИИБнын жетекчилиги алып барган шириндиктерди, белектерди берип, аларга бекем ден-соолук, бактылуу балалык, кең келечек каалап, мындан ары да милиция кызматкерлери тарабынан кам көрүлүп, көмөктөшөөрүн билдирди.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы