Талас шаарында милиция агын сууларды текшерүүдө

Бул тууралуу Булак.кж редакциясына Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Күндүн жылышы менен жергиликтүү тургундар жана шаар коноктору токойго же башка жаратылыш аймактарына эс алууга барышат.

WhatsApp Image 2022 05 31 at 14.22.13 1 Талас шаарында милиция агын сууларды текшерүүдө

Ички иштер органдары тарабынан сууга чөгүү кырсыктарын болтурбоо максатында алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатат. Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, тактап айтканда милициянын участкалык уполномоченныйлары агын сууларды текшеришти. Текшерүү учурунда кооптуу деп табылган агын суулардын жана көлмөлөрдүн, каналдардын жээгине атайын эскертүүчү табличкаларды орнотушту.

Анда эс алууда жүргөн жарандар да эскертилип, коопсуздук боюнча түшүндүрмө алышты.

WhatsApp Image 2022 05 31 at 14.22.14 1 Талас шаарында милиция агын сууларды текшерүүдө
WhatsApp Image 2022 05 31 at 14.22.14 Талас шаарында милиция агын сууларды текшерүүдө