Жогорку кеңештин жалпы жыйынында аскердик наамдар, класстык чиндер жана атайын наамдарды белгилөө боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча маселе каралып, талкууланды. Аталган мыйзам долбоору боюнча эл өкүлү Кундузбек Сулайманов долбоорго шалаакылык менен мамиле жасап жатканына кейиди.
«Мурунку талкууда абдан катуу чырылдадык эле. Менин көз алдымда турат. Силерден ушул мыйзам боюнча эмне сунуш болду? Же колунардан эмне келет? Баарибир кабыл алып бересиңер деп келдинерби?», — деп суроо салды.
Эл өкүлү берилген жоопко канааттанбай «садиктин балдары менен сүйлөшкөндөй»,- келип атасынар деп сындады.