Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө арналган иш-чаралардын тизмесин жарыялады.
11:00. Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейи – «Дүйнө балдардын алаканында» аттуу сүрөттөрдүн кайрымдуулук көргөзмөсү;
11:00. Ч. Айтматов атындагы кино үйү – Балдарды коргоо күнүнө карата арналган иш-чара. Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары (5-12 жаштагы балдар) (Кинематография департментинин директору Мукталы Бектеналиевдин катышуусунда);
12:00. А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинде – “Сулуу кыз жана Желмогуз” жомок- спектакли коюулат. Бишкек шаарындагы аялуу катмарда жашаган балдар үчүн (маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусунда);
14:00. КР Улуттук тарых музейинде – «Эже-синди, Беш көкүл» аттуу жаңы жыйнактын бет ачар аземи (маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусунда);
15:00. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын кичи залы Балдарды коргоо күнүнө карата Жайыл районунун жана Кара- Балта шаарындагы балдар музыкалык мектеби жана Токмок шаарындагы “Үй-бүлөөлүк типтеги “Бактылуу балалык” балдар үйүнүн тарбиялануучуларына арналган иш-чарасы (маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты минисринин орун басары Салтанат Аманованын катышуусунда) өтөт.