Бишкектеги супермаркетте жаранга эч себепсиз денесине залал келтирген адам кармалып, кайра кое берилди

Бишкекте милиция кызматкерлери кызга кол салууга шектелген жаранды кармады. Маалыматты Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 28-майда О. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ал ошол күнү саат 03:20 чамасында 12-кичирайонундагы супермаркеттердин биринде эч себепсиз денесине залал келтирген белгисиз адамга чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факт Октябрь РИИБнин маалыматтык каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Алынган жаракаттар боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ошол күнү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелип 1982-жылы туулган Э.А. аттуу жаран кармалган. Ага карата тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, экспертизанын корутундусу даяр болгонго чейин бошотулган.