Курманкул Зулушев Баткен облусуна иш сапары менен барды

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 26-майда Баткен облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Зулушев республика боюнча болуп өткөн ротациянын негизинде Баткенге дайындалган прокурорлор жана облустун бардык прокуратура кызматкерлери менен жолугушкан.

Ошондой эле иштөө шарттары, турак жай маселеси жана Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасынын имараты, алардын кызматтык турак-үйдүн курулуштары менен жеринде таанышып чыккан.