Кумтөргө убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден бери жүрүп жаткан өзгөрүүлөр, алтын кенине байланыштуу чечимдер туурасында профессор, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурунку жетекчиси Ишимбай Чунуев менен маек курдук.
Президент Садыр Жапаровдун саясий эрки, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун аракети менен бир жыл мурун Кумтөр Кыргызстандын ээлигине өтүп, убактылуу тышкы башкаруучу болуп Теңиз Бөлтүрүк дайындалган. Мамлекеттин башкаруусундагы бир жылдыкта кандай өзгөрүүлөрдү байкадыңыз?
Кумтөр – бир медалдын эки тарабы деп дайыма айтып келем. Бир тарабы заманбап мыкты техникалар, жогорку технологиялар, кесипкөй команда. Ал эми экинчи тарабы инвесторлор менен кантип иштешпеш керектиги жөнүндөгү эреже. Биз эмне кылсаңар өзүңөр билгиле деп кенди чет өлкөлүктөргө берип койгонбуз, көзөмөлдөгөн дагы эмеспиз. Ошол себептен мөңгү, экология маселеси чыкты.
Теңиз Бөлтүрүк металлургия, кенди байытуу, өндүрүш иштерин терең түшүнөт. Тышкы башкаруучу болуп киргенде мурунку жетекчилик компьютердеги серверлерди өчүрүп, тоо-кенди мониторинг кылуу мүмкүн болбой калган эле. Калыбына келтирилгиче кызматкерлер Бөлтүрүктүн жетекчилиги алдында өздөрү эле иштеп жатышты. Каржы жана камсыздоо жагынан маселе болгонун билдик. Бирок, ошого карабай өндүрүш бир мүнөткө да токтобой иштеп жатты. Эң негизгиси чоң авария болгон жок. Бул команданын профессионал экенин көрсөтүп турат.
Тышкы башкарууга өндүрүштүн экологияга зыянын кыскартуу талабы коюлган. Кандай аткарылып жатат деп ойлойсуз?
Убактылуу башкаруу, биринчиден, мөңгүлөргө тийбейбиз, башка варианттарды табабыз деп жатат. Экинчиден, 2023-жылы карьер ишин токтотуш керек болчу. Кампаларда топтолгон кендерди 2025-2026-жылдарга чейин иштетишмек. Эми кайра изилденип, карьердин ишин 2031-жылга чейин созуу сунушталууда. Азыр мөңгүнү бузбай кенди жер астынан казуу каралып жатат.
Кумтөрдүн кадрларды кесипке тарбиялоо, жалпы Кыргызстанда жаңы ачыла турган кен долбоорлоруна адистерди даярдоо демилгесине кандай баа бересиз?
Жаштарды практикага, стажерлукка мурда деле алышчу. Бирок абдан аз эле. Азыр студенттерди практикага, инженерлерди стажерлукка бардык бөлүмдөргө алып жатышыптыр. Алар кийин аттестациядан өтсө кенде иштеп калышат. Мага учурда Канадада, Америкада, Россияда иштеп жүргөн кыргызстандык адистер телефон чалып: “Өзгөрүүлөр болуп жаткан турбайбы, туруктуу болсо, шарт түзүлсө келип иштесек болобу?”, – деп сурап жатышат. “Келгиле, резюме бергиле. Силер керек болсо технологияларды Кумтөрдөн үйрөнүп кетип, башка жактарга киргизгенсиңер”, – деп жатам. Сыртта биздин жүздөгөн адис балдар жүрөт.
Центерра менен кыргыз өкмөтү арасында кол коюлган тынчтык келишиминде Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынган эмес деген сындар айтылып жатат? Сиз кандай ойдосуз?
Бул маселе буга чейин деле бир нече жолу көтөрүлгөн, бирок ишке ашкан эмес. Азыркы келишим туура деп ойлойм. Анткени, соттошуу процесси 5-10 жылга созулуп, бул аралыкта адвокаттарды, адистерди жалдаш керек болмок. 50-100 миллион доллар жөн эле кетмек, Кумтөр токтоп калмак. Кен үзгүлтүксүз иштей турган өндүрүш болуп саналат. Эгер токтоп калса фабрика физикалык, моралдык жактан эскирип, кийин кайра иштетели дегенде урап калмак. Өндүрүштө иштеп көрбөгөндөр соттошуп, акча төлөтүп алсак болмок деп жатышат. Бирок, муну айтканга жеңил болгону менен ишке ашырыш кыйын. Белгилеп кетейин, Центерра кыргыз тарап өзү менен тең ата сүйлөшүп жатканын, биздин мыкты кадрларыбыз бар экенин, Кумтөрдү токтотпой иштетип жатканыбызды байкап турушат. Ошол эле убакта инвесторлор да мониторинг жүргүзүп, тыңшап турушат. Мына ушул жагдай Кыргызстандын имиджин кыйла көтөрдү. Эми “ашуудан ат алмаштырбайт” дегендей, иштетип, жардам бериш керек.