
Бишкек шаарындагы Айни көчөсүнөн жеңил унаа кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кырсык 24-май күнү саат 21:40 чамасында болгон. Анда 1996-жылы туулган М.Б. аттуу айдоочу Айни көчөсү менен чыгыш тарапка бара жатып Чыңгыз Айтматов кең көчөсү менен Айни көчөсүнүн кесилишинен жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан жүргүнчү кызды сүзгөн.
Жабыркаган кыз №4 шаардык оорукнага жеткирилген. Азыркы учурда унаа убактылуу унаа токтотуучу жайга токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.