Өзбекстанга өтчү жашыруун жер астындагы жол табылды

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Телман айылынын аймагында Өзбекстанга өтчү жашыруун жер астындагы жол табылганын кабарлады.

IMG 20220523 220039 915 Өзбекстанга өтчү жашыруун жер астындагы жол табылды

“Бул тоннелдин тереңдиги 15 метр бийиктикте, кире бериши 1,8 метр, туурасы 1,5 метрге жакын, кире бериштен чек ара сызыгына чейин 40 метр, тоннелдин кире беришинен чыгуусуна чейинки аралык 270 метрди түзөт”, деп айтылат маалыматта.

УКМКнын билдиришинче, бул жол табылган аймактын ээси учурда Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар шаарчасындагы психиатриялык ооруканада жатат, анын саламаттыгын дагы текшерүү үчүн кайрадан экспертиза жүргүзүлөт.

IMG 20220523 220036 185 Өзбекстанга өтчү жашыруун жер астындагы жол табылды

Эки өлкөнүн чек арасында жалпысынан 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган. Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилелери 2016-жылдан бери жакшыра баштагандан тартып кайра ачыла баштаган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын жалпы узундугу жалпысынан 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек аранын 1170 чакырымы (85%), андан бери дагы 13% жакыны такталган.