
Жалал-Абадда сел суусу “Honda Stepwgn” унаасын агызып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 22-май күнү тынымсыз жааган жаандын кесепетинен Таш-Көмүр-Майлуу-Суу унаа жолунун 5-чакырымында Балапан-Сай сел өтүүчү сайында “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү жеңил унаа сууга агып көпүрөгө кептелип калган.
Жерине 11 куткаруучу тартылып, жекке менчик «МТЗ 80» трактордун жардамы менен унааны чыгарышкан. Жабыркагандар жок.